Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

Сапар Исаков: Насыя ала беришибиз керек


Кыргызстан чет жактан насыяларды ала бериши керек. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалицияда өз программасы менен тааныштырып жатып премьер-министрликке талапкер Сапар Исаков билдирди.

- Бүгүнкү биздин тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 53-54% деңгээлде болууда. Биздин орусиялык партнерлор тиешелүү келишимди ратификациялап бүтсө бул көрсөткүч дагы төмөндөйт. Насыя ала беришибиз керек го деп ойлойм. Насыяны Кыргызстанды өнүктүрө турган долбоорлорго алыш керек. Көйгөй бар, албетте. Аларды чечкенге аракет кылабыз.

2017-жылдын июнь айына карата өлкөнүн мамлекеттик карызы 4 млрд 243 долларды түздү. Кыргызстан карыз болгон уюмдардын башында Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы турат. Аталган банктан 1,56 млрд доллар карыз алынган. Бул тышкы карыздын 40,5% түзөт.

2016-жылы мамлекеттик карыз өлкөнүн ички дүң продукциясынын 58% түзгөн. Өткөн жылы Кыргызстан мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн 21 млрд сом сарптаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG