Быйыл жаңы окуу жылында республикадагы 60 мектепте жаңыдан электрондук китепканалар иштей баштайт. Мындай маалымат бүгүн Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан мугалимдердин конференциясында айтылды.
Бул система мектептердеги окуу куралдарынын тартыштыгын жоюу максатында уюштурулууда.
Ошону менен катар быйыл 3 млн даана жаңы китеп басылып чыгарылып, жаңы аталыштагы 33 китеп сыноодон өткөрүлөт.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, жалпы 2236 мектептин учурда 83% китеп менен толук камсыз болгон.(RsK)