Расмий Исламабад Пакистан согушкерлерге башпаанек берүү менен Ооганстандагы согушту создуктурууда деген Вашингтондун сынын четке какты.
Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети 24-августта жасаган билдирүүдө "АКШ ооган урушундагы өз кемчиликтери менен каталарын Пакистанга оодарууда" деп айтылат.
Бир нече күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп Пакистан "башаламандык, зордук-зомбулук менен террорду жайылткан кишилерди жок кылмайынча, Исламабадга берилген жардам токтотулушу мүмкүн" деп эскерткен.
Пакистандын оппозициялык партиялары да премьер-министр Хакан Аббасиден бул билдирүүгө катуу жооп кайтарууну талап кылып келишти. "Пакистан Ооганстандагы тынчтык процессине активдүү катышып, он миңдеген аскерлери, карапайым адамдар терроризмге каршы күрөштө набыт кеткен", - деп белгилейт Коопсуздук комитети.