Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:51

НАТО: Москва менен Минск аскерий машыгуу тууралуу жетиштүү маалымат бербей жатат


НАТОнун желеги
НАТОнун желеги

НАТОнун ьаш катчысы Йенс Столтенберг Орусия жана Беларус эмки айга пландалган машыгуулар боюнча маалымат ачык болот деген убадаларын аткарбай жатат деп билдирди.

Варшавада "Ассошиэйтед Пресске" берген интервьюда баш катчы Орусия 14-сентябрда башталган машыгууга байкоо сала турган НАТО кызматкерлеринин санын кыскартуу үчүн улам бир “шылтоо” табууда деди.

Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Вена келишимине ылайык, 13 миңден көп жоокер катышкан аскерий маневрлар тууралуу башка өлкөлөр алдын ала кабардар болушу керек жана байкоочулар үчүн ал ачык болууга тийиш.

Беларус бийлиги болсо “Запад-2017” деген аталыштагы машыгууга 12 миң 700 аскер тартылат деп ырастоодо. Бирок НАТО мүчөлөрү катышуучулардын саны мындан да көп болот деп шектенишет. Апта башында Минск жети өлкөнүн байкоочулары көз салууга чакырылганын билдирген. Столтенберг Түндүк альянс 2 экспертин жөнөтөрүн айтты. Бирок анын пикиринде бул жетиштүү эмес. Орусияны макулдашууларды аткарууга үндөйбүз, - деди баш катчы.

XS
SM
MD
LG