Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Көк бөрү: Астана: Кыргызстан АКШны 11:6 эсебинде жеңип, финалга чыкты


Кыргыз көк бөрүчүлөрү. Астана, Казакстан. 24.8.2017.
Кыргыз көк бөрүчүлөрү. Астана, Казакстан. 24.8.2017.

25-августта Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча дүйнө чемпиондугунда тайпалык тандоо оюндарынын акыркы 5-турундагы таймаштар өттү.

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү АКШ командасы менен ойноп, 11:6 эсебинде жеңишке жетти.

Ушуну менен Кыргызстандын курама командасы тайпалык оюндарда беш жолу жеңишти камсыздап, турнирдик таблицада А тобунда көч башын ишенимдүү жетектеп турат.

Буга чейин Кыргызстандын оюнчулары Монголияны 4:0, Өзбекстанды 11:2, Түркияны 13:3, Тажикстанды 15:2 эсебинде жеңип алган.

Ишемби күнү, 26-августта, көк бөрүчү курама командалар эс алышат.

27-август күнү финалдык таймаштар өтөт. Баш байге үчүн Кыргызстан менен Казакстандын командалары ойнойт. Оюн саат 11:00де башталат.

Беттештин жүрүшүн түз эфирде КТРК жана КТРК Спорт телеканалдары Full HD форматта түз алып көрсөтөт. Бул тууралуу 24-августта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Илим Карыпбеков Фейсбуктагы баракчасы аркылуу маалымдаган.

Мелдештин байге фонду 18 миллион теңге (3 млн 657 миң сом).

1-орун үчүн 10 млн теңге (2 млн 32 миң сом), 2-орунга 5 млн теңге (1 млн 16 миң сом), 3-орунга 3 млн теңге (609 миң сом) ыйгарылат.

Бул көкпар (көк бөрү) боюнча Биринчи дүйнөлүк чемпиондук Астана шаарындагы Эл аралык "Экспо-2017" көргөзмөсүнүн алкагында уюштурулууда.

(ECh)

XS
SM
MD
LG