Кыргызстандын Башкы прокуратурасы оппозициячыл "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотоновго чыккан сот өкүмүнө карата Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылды. Бул тууралуу алардын адвокаттары кабарлоодо.
Соттук отурум 5-сентябрга белгиленгенин Башкы прокуратура жана Жогорку Сот тастыктады.
16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу эки саясатчыны 8 жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошогондон кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. Аларга карата кылмыш иштин козголушуна орусиялык жарандын бир миллион долларлык пара тууралуу арызы негиз болгон.
Соттолуучулар бул айыптоо негизсиз экенин айтып келатышат.
Кылмыш ишти Башкы прокуратура козгоп, тергөөнү УКМК жүргүзгөн.
Башкы көзөмөл органы Текебаевди 10, Чотоновду 8 жылга эркинен ажыратууну суранган болчу.
Учурда алардын адвокаттары да шаардык сотко апелляциялык арыз даярдоодо. (RK)