Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

RSF Беларустагы журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды


Беларус журналисттери
Беларус журналисттери

“Чек арасыз кабарчылар” уюму (RSF) Беларуста эркин журналисттер куугунтукталып жатканын сындады.

24-августта жасалган билдирүүдө уюм "Белсат" телеканалынын беш кабарчысынын үстүнөн жүрүп жаткан сот процессин куугунтуктоо деп сыпаттады.

Польшадан чыгууга аргасыз болгон каналдын кабарчыларына аккредитациясыз чет өлкөлүк медиага иштеп жатышат жана “мыйзамсыз маалымат продукциясын чыгарууда” деген айып тагылууда.

"Чек арасыз кабарчылар" уюму журналисттерге каршы 26 иш ачылганын, быйыл эле 10 миң евролук айып пул салынганын белгилейт. “Биз журналисттерди коркутуп-үркүтүүнү, өкмөткө баш ийдирүүнү максат кылган соттордун жаңы толкунун айыптайбыз жана Беларус бийлигин эркин журналисттерди сот аркылуу куугунтуктоону токтотууга үндөйбүз, - деди уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Йоханн Бир.

XS
SM
MD
LG