Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:54

Атамбаев ак илбирсти коргоону жаңы өкмөткө тапшырды


Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бул тууралуу 25-августта ак илбирсти сактап калууга арналган форумда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Президент бүгүн парламентке сунушталып жаткан жаңы өкмөт Кыргызстандын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясына ак илбирстин эко-системасын сактоо долбоорун киргизүүгө тийиштигин белгиледи.

- Мен парламентке жана бүгүн-эртең бекитилет деп күтүлүп жаткан өкмөткө кайрылгым келет. Учурда 2040-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясы иштелип жатат. 40-жылы Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгы майрамдалат. Кыргыз каганатынын биринчи каганы Барсбек болгон. Буга байланыштуу өкмөт менен парламент программага ак илбирстин эко-системасын киргизүүсү керек.

Президент Алмазбек Атамбаев ак илбирс Кыргызстанда жашап, бирок жок болуп кеткен жан-жаныбарлардын катарын толуктап, урпактар аны музейден гана көрүп калбашы керектигин, буга жол бербөө зарылдыгын айтты. Мындан тышкары Алмазбек Атамбаев форумдун катышуучуларын ак илбирсти сактоо боюнча Глобалдык экологиялык фонд колдоого алуучу өлкөлөр аралык мультидолбоорду ишке ашырууга чакырды.

24-25-августта Бишкекте ак илбирсти жана анын экосистемасын сактап калууга арналган эл аралык форум болуп өттү. Ага илбирс байырлаган 12 өлкөдөн өкүлдөр катышты.(ZA/ZKo)

XS
SM
MD
LG