Абактагы Садыр Жапаровдун атасынын саламаттыгы начарлап жатканына байланыштуу адвокат Шарабидин Токтосунов соттолуп жаткан үч кишини үй камагына чыгарууну соттон өтүнгөн. Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаров, уулу Рустам Жапаров жана тууганы Улан Усупов үй камагына чыгып, оорукчан атасынын жанында болсун деген адвокаттын өтүнүчүн Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Садыков четке какты. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова "Азаттык" үналгысына билдирди:
-Атабыздын саламаттыгы оор акыбалда, үй камагына чыгарыңыз, барып жүз көрүшүп калалы десе да макул болбой койду.
Сот ошондой эле Айдынбек Шамшидин уулун катуу ооруп жаткан атасы менен көрүшүүсүнө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү өтүнүчкө да үчүнчү ирет каршы болду.
Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту 28-августта уланат. Ага чейин жаңы келген прокурор иш менен таанышууга убакыт сурады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалган жана УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар. Аларга ээнбаштык, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү жана бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылуу беренелери боюнча айып тагылган.(ZKo)