Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:57

Парламенттик оппозиция укугун чектебөөнү талап кылууда


Парламенттеги оппозиция өкүлдөрү бүгүнкү кезексиз жыйында алардын укугун чектөө аракети жасалганына нааразы болууда.

"Өнүгүү Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов төрагага кайрылып, суроо бере тургандардын тизмесин кыскартып, ар бир фракциядан 2-3 гана өкүлгө сөз берүүнү сунуштады.

Бирок "Республика Ата Журттан" өкүл Алтынай Өмүрбекова ага кайрылып:

- Биз, оппозиция дагы суроолорубузду берели да. Программасы колубузга бүгүн эле тийбедиби. Сооронбай Жээнбековду отчету жок кетирдик.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко Жогорку Кеңешти "декоративдүү парламентке айландырбоого", өкмөттүн планын угуп, суроолорду берүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпоого чакырды. "Оппозицияны чектебегиле деди ал.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын кароодо. Буга чейин премьер-министрликке талапкер Сапар Исаковду башкаруучу коалиция жана профилдик комитет уккан. (RK)

XS
SM
MD
LG