Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Кыргызстанда мугалимдердин орточо айлык акысы 11 миң сом


Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектепте иштеген мугалимдердин айлык акысы 2015-жылдан бери 50,5% көбөйгөн. 2015-жылга чейин башталгыч класстын мугалимдери 7680 сом айлык алып келишкен болсо, бүгүнкү күнү алардын айлык акысы 13 824 сомду түзөт. Ал эми мектептеги администрациялык курамдын айлык маянасы эки жыл мурун 6724 сом болсо, азыр 8068 сом.

Жалпысынан орто эсеп менен мугалимдер 2015-жылга чейин 9075 сом айлык акы алып жүрүшкөн болсо, бүгүн бул сумма 13613 сомго чыкты деп маалымдайт министрлик.

Мугалимдер болсо орточо айлык мындан бир топ аз экенин, азыркы базар шартында бул каражат күнүмдүк оокаттан ашпай турганын белгилеп келишет.

Президент Алмазбек Атамбаев 12-июлда өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө cалым кошкондорго мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып жатып алты жыл ичинде мугалимдердин айлыгы төрт эсе көтөрүлгөнүн билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG