Кыргызстандын премьер-министри кызматына сунушталып жаткан Сапар Исаков өзүн каралаган маалыматтарды таратып жаткан адамдын ысымын ачык атоодон баш тартты.
Буга чейин Исаковдун ишмердүүлүгүн катуу сындаган, аны өлкөнүн тышкы саясатын туура эмес нукка бурду деп айыптаган анонимдүү видеотасма интернетте тараган.
Исаков маалымат каражаттарына курган маегинде бул маселеге байланыштуу "мындай тасмаларды айрым бизнесмен саясатчылар" таратып жатканын айткан.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында депутат Мыктыбек Абдылдаев алар ким экенин ачык атоону сурады.
Бирок Исаков азырынча атабай турганын билдирди. Депутат Абдылдаев "Эгер бир адамдын бетине ачык айта албасаңыз, жалпы өлкөнү кантип башкарасыз, балким ал Бабанов же Жээнбековдур", - деген өңүттө жооп кайтарды. (RK)