Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Мадумаров: Төрөбаев эч болбогондо калыс добуш берип койсо болмок


Төртилтик эл менен жолугушууда
Төртилтик эл менен жолугушууда

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Өнүгүү Прогресс” партиясынын жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин парламенттин кезексиз сессиясында жаңы өкмөт курамына берген макулдук добушун колдобойт.

Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып билдирди:

- Ар кимдин өз пикири бар, бирок туруктуулук жакшы болмок. Шайлоо алдында жалаң гана өзүнө керектүү, өзүнө берилген адамдардан аткаруу бийлигин түптөө жакшы эмес. Ошондуктан Төрөбаев мырза эч болбогондо калыс добуш берип койсо болмок. Эгерде кадр саясатындагы багытка макул болгон болсо анда альтернатива талапкер болуп эмне кылат? Анда бир эле команда болуп алыш керек.

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, 102 депутаттын 97си КСДП фракциясы сунуш кылган өкмөттү бекитти. Премьер-министрликке Сапар Исаков шайланды.

Сапар Исаковдун өкмөткө келиши КСДПнын президенттикке бирдиктүү талапкери Сооронбай Жээнбековдун жеңиши экени бүгүнкү сессиянын трибунасында ачык айтылып жатты.

Төрөбаев “Ата-Журт Мекенчил” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев жана Акматбек Кедибеков, Мадумаров менен төртилтикке кирген болчу. Алар президенттик шайлоого өзүнчө талапкер алып чыгууну убада кылышкан.

Бүгүн Төрөбаев парламентте сүйлөп жатып анын фракциясы Сапар Исаковдун командасына “саясий аванс” берүүнү чечкенин айткан жана “сиз жана өкмөт мүчөлөрү кайсы бир талапкерге колдоо көрсөтүп, шайлоо процессине кийлигишпегиле” деген өңүттө эскертүү сөзүн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG