Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Мукар Чолпонбаев: Жогорку Кеңеш "чөнтөк парламент" экенин көрсөттү


Мукар Чолпонбаев
Мукар Чолпонбаев

"Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезексиз жыйыны кыргыз парламенти көз каранды органга айланганын көрсөттү" деген пикирин билдирди бүгүн “Азаттык” радиосуна коомдук ишмер, мурдагы парламент спикери Мукар Чолпонбаев:

- Биздин Жогорку Кеңеш көз каранды, “чөнтөк парламентке” айланып калганын дагы бир жолу далилдеди. Ал эми өкмөт ашып кетсе 3-4 ай иштейт, ошондуктан аларга ийгилик гана каалоого туура келет. Башка эч нерсе айтуу мүмкүн эмес. Кеп команданын жаш же карысында эмес, канчалык мамлекетке берилип кызмат кылса иш билги балдар болуп чыгышы мүмкүн. Бирок андайга багыт алабы же жокпу, кеп ошондо.

Буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынан президенттик шайлоого бирдиктүү талапкер болуп кетип жатканына байланыштуу анын өкмөтү отставкага жөнөтүлгөн.

Бүгүн Жогорку Кеңеш президенттик аппаратты жетектеп келген Сапар Исаковду премьерлик кызматка жактырды. 102 депутаттын 97си макул деген добушун берди, 5 каршы болду. Оппозициядагы үч фракциянын экөө: “Республика Ата-Журт” менен “Өнүгүү-Прогресс” дээрлик толук курамы менен КСДПнын сунушун колдоп чыкты.

Сапар Исаковдун премьерликке бекитилиши Сооронбай Жээнбековдун президенттик шайлоодо жеңишинин белгиси экени бүгүнкү талкууда парламент трибунасынан ачык эле айтылып жатты. (RK)

XS
SM
MD
LG