Белгисиз адам Лондондун Букингем сарайына жакын жерде полиция кызматкерлерине бычак менен кол салды. Британиянын полициясы билдиргендей, кол салуу күч кызматкери бул адамды кармоого аракеттенгенде болгон. Андан эки офицер жеңил жаракат алды.
Соңку айларда Британияда бир же андан көп адам жасаган теракттар орун алууда. 3-июнда Лондон көпүрөсүндөгү Боро-маркет районунда топтолгон элди автоунаа тепселеп кеткен. Үч киши машинеден чыгып, ары-бери өткөндөргө бычак менен кол салган. Жети киши каза таап, 50гө чукулу жаракат алышкан.
Бул үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ алган. Кол салган үч адамды полиция өлтүргөн.