Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

Жалал-Абаддын айрым райондорунда эки күндөн бери таза суу жок


Жалал-Абад шаарынын борборундагы темир жол бекети аймагындагы жер үйлөр менен көп кабат батирлерге 25-августтан тартып таза суу берилбей жатат.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар “Азаттык” радиосуна билдиришти. Алардын айтымында, таза суу эскертүүсүз өчүрүлгөн, канализация да иштебей турат. Ошондой эле жашоочулар суунун өчө турганын эч ким келип түшүндүрбөгөнүн, таза сууну сатып колдонуп жатканынан нааразылык билдиришүүдө.

Жалал-Абаддын вице-мэри Урмат Маматов бул абалды оңдоо иштери менен байланыштырды. Анын маалыматына караганда, көчөлөрдү казуу иштерин жүргүзүү учурунда аталган районго суу жеткирүүчү түтүк жарылып кеткен. Азыр калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Маматов таза суу качан берилерин айткан жок.

Жалал-Абад шаарында жалпы жүз миңдин тегерегинде калк жашайт. (RsK)

XS
SM
MD
LG