Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:46

АКШ президенти Доналд Трамп трансгендерлердин армияда кызмат өтөөсүнө тыюу салган жарлыкка кол койду. Ага ылайык, АКШнын Коргоо жана Ички коопсуздук министрликтерине трансгендерлерди армияга кабыл алууга уруксат берилбейт. Мындай маалымат 25-августта Ак үйдүн сайтына жайгаштырылды.

Трамп Пентагонго жыныс алмаштыруу үчүн кетүүчү чыгымдарды төлөөгө да тыюу салды. Каржылоо жыныс алмаштыруу аракети бул жарлык күчүнө киргенге чейин башталган болсо гана уруксат берилет. Тыюу салуу 2018-жылдын 23-мартынан тарта күчүнө кире турганы божомолдонууда.

Мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы 2016-жылы трансгендерлердин армияда кызмат өтөшүнө тыюу салууну жокко чыгарган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG