Испаниянын Барселона шаарында 500 миңге жакын киши 26-августта терорчулукка каршы демонстрацияга чыгышты.
17-18-августтагы кандуу окуялар он беш адамдын өмүрүн алып, 120 киши жабыркаган, алардын алтоонун абалы оор.
Жергиликтүү бийлик тынчтык жүрүш коопсуздукту катуу сактоо менен өткөнүн кабарлады. Тарыхта биринчи жолу испан королу Филипп VI жөө жүрүшкө кошулуп, өзүнүн тилектештигин билдирди. Жүрүштүн катышуучулары "Биз коркпойбуз, анткени сүйүү жек көрүүнү жеңерин билебиз" деп айтып жатышты.
Каталондук белгилүү актриса Роза Мария Сарда жана жергиликтүү мусулман активисти Мириам Атиби жөө жүрүш бүткөндөн кийин сөз сүйлөштү.
Барселонадагы теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ алган.