Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:39

"Сентябрь" каналынын жамааты "Жалбырак фест" акциясын өткөрөт


Бул тууралуу "Сентябрь" каналынын өкүлү Кайыргүл Урумканова "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, акция бүгүн саат 18.00дө "Сентябрь" каналынын Бишкектеги кеңсесинин короосунда болот:

- Элдин баары канал эми жабылат деп айтып атат. Айтып коюшубуз керек, бизди бийлик жаап атат, ишибизди башка форматта улантабыз. Бүгүнкү флеш-мобдо жамааттын баары чогулат. Ошондой эле бизди колдогон жарандарга да эшик ачык. Эркин микрофон берилет. Акындарды да чакырдык. Ишибизди интернетте улантарыбызды жарыялайбыз.

Башкы прокуратура мурда Жалал-Абад шаарында чыгып турган оппозициялык маанайдагы ​"Сентябрь" каналында КСДПнын өкүлү, буга чейинки өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун аброюна шек келтирген маалымат жарыяланган деген жүйө менен аталган каналды жабуу өтүнүчү менен сотко кайрылган.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. ​Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-августта мунун негизинде "Сентябрь" телеканалынын жана сайтынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Судья Жылдыз Жумабаева чечим дароо күчүнө кирерин билдирген. “Сентябрдын” ишмердүүлүгүн токтотуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча комитети жана УКМКга жүктөлгөн.

“Сентябрь” телеканалынын жамааты башка аталыш менен интернеттеги коомдук тармактарда ишин уланта берерин маалымдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG