Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Жыргалаңда “J-Fest 2017” жайкы туризм фестивалы өтүп жатат


Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң айылында “J-Fest 2017” жайкы туризм фестивалы өтүп жатат. Фестивалды “Жыргалаң өрөөнү дестинациясы” коомдук бирикмеси USAID уюмунун Бизнести өнүктүрүү демилгеси (BGI) программасынын колдоосу менен ишке ашырууда.

Уюштуруучулардын билдиришинче, бул иш-чара Жыргалаң өрөөнүндө, Ак-Суу районундагы туризмдин өнүгүүсүнө салым кошууга багытталган. Фестивалдын жүрүшүндө жөө тоого чыгуу, велосипед, ат үстүндөгү турлар жана башкалар уюштурулуп жатат. Мындан тышкары туристтерге кызмат көрсөткөн конок үйлөрү жана боз үй конуштары көрсөтүлүүдө.

Иш-чара ачык асман астындагы фольклордук концерт жана этно-мода көргөзмөсү, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстары, Зындан жана Жыргалаң айылдарынан чыккан көк-бөрү командаларынын ортосундагы оюндар менен коштолууда.

Фестивалга Жыргалаңдын гиддери, жергиликтүү туркомпаниялардын кызматкерлери, айыл эли, журналисттер, саякатчылар, жеке ишкерлер катышууда. (NT)

XS
SM
MD
LG