Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:46

Көкпар: Тажикстан үчүнчү орунду алды


Кытай менен Тажикстандын беттеши.
Кытай менен Тажикстандын беттеши.

Казакстандын башкалаасы Астанада өтүп жаткан көкбөрүнүн казакча түрү көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жарым финалда үчүнчү орун үчүн бүгүн Кытай менен Тажикстандын командалары беттешти. Оюн тажик оюнчуларынын 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады.

Учурда финалда биринчи орун үчүн Кыргызстан менен Казакстандын оюнчуларынын беттеши өтүп жатат. Азырынча 3:1 эсебинде казактар алдыда.

"Азаттык" радиосунун казак кызматы интернетте финалдык оюндарды түз алып көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG