Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:55

Көкпар: Кыргызстан командасы экинчи орунду ээледи


Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. 
Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. 

Астанадагы көк бөрүнүн казакча түрү - көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпиондугунда биринчи орун үчүн Казакстан менен Кыргызстан беттеши казак оюнчуларынын жеңиши менен аяктады. Казак оюнчулары Кыргызстандын курама командасын 4:1 эсебинде жеңип алды.

Мелдештин башындагы он мүнөттө казактар 3:0 эсебинде алдыга чыккан. Андан кийинки таймда Кыргызстандын эсебине улакты (муляжды) тайказанга Рустам Тыналиев таштап, оюн 3:1 эсебинде уланды. Экинчи бөлүктө казак оюнчулары дагы бир упай топтоп, 20 мүнөттүк оюндун жыйынтыгы 4:1 эсебинде алардын пайдасы менен бүттү.

Натыйжада Казакстан командасы көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпиондугунда жеңүүчү болду. Кыргызстан экинчи орунду алып, күмүш медалга ээ болду. Үчүнчү орунга Кытайдын командасын 2:1 эсебинде жеңген тажик оюнчулары чыкты.

XS
SM
MD
LG