Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Американын Хьюстон шаарын катуу сел каптады


"Харви" бороону катуу кыйроолорду алып келди
"Харви" бороону катуу кыйроолорду алып келди

АКШнын Техас штатын урган "Харви" бороонунун кесепетинен бир катар шаарларда нөшөрлөгөн жаан токтобой, Хьюстон калаасын сел каптады. Миңден ашык адам коопсуз жайларга көчүрүлдү. Улуттук метеорология кызматынын билдиришинче, калаада өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Табият кырсыгы эки адамдын өмүрүн алганы айтылууда. Техастын губернатору Грег Эббот жаан токтобой жаткандыктан курмандыктардын саны дагы өсүшү мүмкүндүгүн эскертти. Куткаруучулардын ишине катуу шамал тоскоолдук кылууда. Миңдеген адамдар электр жарыксыз калды.

Катуу бороон Рокпорт шаарына жакын аймакта катуу кыйроолорду алып келди. Аталган шаардын мэри үйлөр, мекемелер жана мектептер талкаланганын маалымдады.

Кошмо Штаттар мындай бороонго 2004-жылдан бери кабыла элек болчу. Анда "Чарли" бороонунун кесепетинен 15 киши курман болгон. Ал эми жалпы чыгым 16 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG