Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:58

Шайлоо-2017: талапкерлердин саны 24кө түштү


Кыргызстанда 15-октябрга белгиленген президенттик шайлоого катышууну көздөгөн 24 киши калды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, 26-августта 20 киши кол тамгаларды жана мамлекеттик тил сынагы боюнча сертификат тапшырбаганы үчүн жарыштан четтетилген.

Азыр калгандары тапшырган кол тамгалар текшерилип жатат. Алардын канчасы саясий жарышка катышары шайлоого 35 күн калганда билинет.

15-октябрда боло турган президенттик шайлоого катышуу дымагы менен Боршайкомго алгач 59 жаран кайрылган. (NT)

XS
SM
MD
LG