Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

Аксы: Кара-Жыгач айылынын тургундары жаздан бери суу жок деп нааразы


Кара-Жыгач айылы.
Кара-Жыгач айылы.

Аксы районунун Кара-Жыгач айылынын тургундары жаздан бери сугат суу жок деп нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу аталган айылдын Капчыгай, Аң-Сай, Борбордук көчө жана Торкамыш участокторунун жашоочулары "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл жаздагы сел айылды сугат суу менен камсыздаган каналдын башын алып кеткен. Ошондон бери тазалоо иштери жүрбөй, анын натыйжасында бак-дарактар, жашылча-жемиштер куурап, эгинден жакшы түшүм ала алышкан эмес. Жергиликтүү жашоочулар "маселени өз маалында чечпеди, тазалоо иштерин жүргүзбөдү" деп айыл өкмөт башчысын сынга алышты.

Ал эми айыл өкмөт башчысы Батыш Шабданов күнөөнү айылдыктарга оодарууда. Анын билдиришинче, жашоочулар канал казууга чыкпай койгондуктан сугат суу тартыштыгы жаралды.

Айылдыктар болсо айыл өкмөттүн мындай билдирүүсүн четке кагып, канал казуу боюнча уюштуруу иштери жетиштүү деңгээлде жүргөн эмес дешти. Ошондой эле Кара-Жыгачта таза суу маселеси да курч экенин, эл өз күчү менен жерди казып суу чыгарганы менен ал өтө туздуу болуп жатканын айтышууда. Буга чейин араб инвесторунун жардамы менен айылга таза суу чыгаруу аракети башталганы менен андан дайын жоктугун да кошумчалашты.

Аксы районунун акимчилиги айылдыктардын сугат суу көйгөйүнөн кабардар экенин "Азаттык" радиосуна маалымдады. Бирок суу качан берилерин так айткан жок. (NT)

XS
SM
MD
LG