Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:34

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин соту уланат


Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн мурдагы депутат Садыр Жапаровдун жакындары жана тарапкерлеринин ишин кароону улантат. Бул тууралуу алардын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирди. Акыркы жараян 25-августта өтүп, анда сот камактагы Садыр Жапаровдун атасынын саламаттыгы начарлап жатканына байланыштуу анын агасы Сабыр Жапаров, уулу Рустам Жапаров жана тууганы Улан Усуповду үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган эмес.

Сот ошондой эле Жапаровдун тарапкери Айдынбек Шамшидин уулун катуу ооруп жаткан атасы менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берүү жөнүндөгү өтүнүчтү үчүнчү ирет четке каккан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, УКМКга алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК алдында топтолгон анын тарапкерлери милиция менен тирешип, кармалган жүздөй адамдын он экиси камакка алынган. Арасында Садыр Жапаровдун баласы жана бир тууган агасы бар. Аларга Кылмыш кодексинин 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү),​ 234 (бейбаштык) жана 174 (башка мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) беренелери боюнча айып тагылган.

Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп баалаган, адвокаты Бишкек шаардык сотко кайрылган​. (NT)

XS
SM
MD
LG