Ооганстандын Гилменд аймагындагы Нава районунда жанкечти өзүн жардырып, 13 адам жашоо менен кош айтышты. Набыт кеткендердин көбү аскерлер жана жай тургундар. Дагы 18 киши жарадар болду.
Дүйшөмбү күнкү расмий кабарларга ылайык, жанкечти район борборундагы базарда өзүн жардырган. Ал үчүн жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы мойнуна алды.
Бул аймакта акыркы кездери армия менен талиптер ортосунда салгылашуу күчөгөн. Нава району өткөн айда жоочулардан бошотулганы, бирок жакын жерлерде күрөш уланып жатканы кабарланган.
23-августта да Гилменд аймагындагы Лашкаргах шаарында жанкечтинин айынан жети киши өлүп, 40 адам жараат алган.