Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Мирзиёевдин Бишкекке сапары эмки аптага пландалууда


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга расмий сапары эмки аптага пландалууда. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушкан учурда айтканын "Азаттык" радиосуна мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келген. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюлган. Бул соңку тогуз жылдан берки алгачкы өкмөт аралык жолугушуу болгон. Ушул эле жыйында президент Алмазбек Атамбаевдин да Ташкентке расмий сапары пландалып жатканы айтылган.

Атамбаев 2016-жылдын аягында Өзбекстанга сапар менен барган. Андан бери эки тараптын бийлик өкүлдөрү ай сайын жолугуп, чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG