Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Пакистанда АКШга каршы демонстрациялар өттү


АКШга каршы Исламабаддагы нааразылык акциясы. 27-август, 2017-жыл.
АКШга каршы Исламабаддагы нааразылык акциясы. 27-август, 2017-жыл.

Пешавар шаарында, ошондой эле уруулашып жашаган Сват, Мохманд, Бажаур, Хайбер райондорундагы бүгүнкү демонстрацияларга жүздөгөн адамдар чыгып, антиамерикалык ураандарды айтышты.

Бүгүнкү жүрүштөрдүн башында негизинен “Жамаат-и- Ислами”, "Жамиат-Улема-и Ислам” деген диний партияларынын жергиликтүү лидерлери турушту. АКШга каршы нааразылык бүгүн түштүк-батыштагы Балужистан провинциясында өткөнү да кабарланды.

Ал эми кечээ Карачи шаарында антиамерикалык жүрүштүн катышуучуларын таратуу үчүн полиция көздөн жаш агызуучу газ жана желим таяктарды колдонгон.

Демонстрациялар АКШнын "Пакистан экстремисттерге башпаанек берет" деген билдирүүсүнөн улам өтүп жатат.

АКШнын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын президент Дональд Трамп 21-августта жарыялаган болчу. Трамп өз сөзүндө жаңы стратегия кандайдыр бир мөөнөттөргө эмес, жериндеги кырдаалга негизделерин белгилеген.

АКШ президенти ошондой эле Ооганстанда 16 жылдан бери уланып жаткан согушту жеңүүнү убада кылып, Вашингтон эми Пакистандын “экстремисттер менен террорчуларга” башпаанек бериши менен келише албай тургандыгын да айткан болчу.

Исламабадды “башаламандыктын агенттерине башкалка берип жатканы" үчүн айыптаган.

Пакистан бийликтери да өз тарабынан буга чейин Трамптын сөздөрүн сынга алышып, АКШнын айыптоосун четке кагышкан.

Расмий Исламабад буга тикелей байланыштырбаганы менен мамлекеттик катчынын жардамчысы Элис Уэллстин 28-августта баштала турган визити Пакистан тараптан токтотулду.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Пакистан террорчуларга каршы чара көрбөсө НАТОдон сырткаркы маанилүү өнөктөш деген макамынан ажырап калышы мүмкүндүгүн эскерткен.

АКШ менен тыгыз аскерий кызматташтыкка жол ачкан мындай макам Пакистандан башка дагы 15 өлкөдө бар. (UE)

XS
SM
MD
LG