Өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топ Дагестандагы полициячыларга кол салуу үчүн жоопкерчилик алды. 28-августта эртең менен Дагестандын Каспий шаарында полиция кызматкерлери кызматтык машинесине май куюп жаткан маалда белгисиз эки киши аларга бычак менен кол салган.
Полициячылардын бири окуя болгон жерде каза таап, экинчиси ооруканада жан берген. ТАСС агенттиги буга чейин окуя болгон жерде "Ислам мамлекети" террордук уюмунун атрибуту жана эки бычак табылганын кабарлаган.
Кол салгандар жок кылынган, алардын аты-жөнү такталууда. Окуя боюнча "укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин өмүрүнө кол салуу" беренесине ылайык кылмыш иши козголду.
Былтыр Орусиядагы “Мемориал” укук коргоо борбору Түндүк Кавказдагы террорчулук менен күрөш тууралуу баяндамасын жарыялаган. Анда орусиялык атайын кызматтардын зомбулугу аймактын жашоочуларынын радикал кыймылдарга кошулуусуна түртүп жатканы белгиленген.