Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Түндүк Корея сынаган ракета Жапониядан учуп өттү


Түндүк Корея сынаган кезектеги ракета Жапониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп өтүп, деңизге кулады. Жапон өкмөтү билдиргендей, ракетаны атып түшүрүү боюнча аракеттер көрүлгөн жок.

Жапон премьер-министри Синдзо Абэ өкмөт жарандарды коргоо үчүн колдон келген аракетин көрөрүн билдирди. Өкмөттүн башкы катчысы Ёсихидэ Суга бул сыноону "олуттуу коркунуч" деп атап, Пхеньяндын аракеттерине жооп кайтаруу үчүн болгон чаралар көрүлөт деп белгиледи.

Түндүк Корея сынаган ракета Жапониянын үстүнөн акыркы жолу 2009-жылы учуп өткөн. Ал кезде Жапония, АКШ жана Түштүк Корея Пхеньян баллистикалык ракета сынады деп эсептеген, Түндүк Корея болсо космоско спутник жеткирген ракета экенин айткан.

Түштүк Кореянын куралдуу күчтөрү бул ирет ракета Пхеньянга жакын жердеги Сунан районунан жергиликтүү убакыт боюнча таңкы 6га жакын кое берилгенин жарыялады. Маалыматка караганда, ракета 2700 чакырым учкан.

Жапон өкмөтү ракета Хоккайдо аралындагы Эримо булуңунун чыгышынан 1180 алыстыкта деңизге кулаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG