Түркиянын Анкара шаарында көчөдө калган аялдын жагдайын Кыргызстандын ал жактагы Консулдугу териштирип жатат. Ал аял кыргызстандык экени тууралуу божомол айтылып, анын сүрөт жана видеолору 28-августта интернетке чыккан.
Тышкы иштер министрлигине анын атасымын деген адам байланышка чыкканын мекеменин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттык" радиосуна билдирди:
-Атасы менен сүйлөшкөнүбүздө, кызы июнь айында Түркияга иштегени кеткенин айтты. Барганда үч күндөн кийин байланышка чыкпай калган. "Эгер ал менин кызым болсо, Кыргызстанга алып келүүгө жардам бергиле" деп өтүндү. Түркиядагы өкүлчүлүгүбүз тактап жатат.
Расмий маалымат боюнча, Түркияда окуп-иштеп жүргөн 14 миң кыргызстандык бар. Бейрасмий иштегендердин саны миңдеп саналат. Анталия аймагында эле 6 миңден ашык кыргызстандык эмгек мигранты бар экени айтылып жүрөт. (SE)