Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:54

Спорт: Акжол Алымбек уулу дүйнөлүк пауэрлифтинг чемпиондугунда күмүш медал алды


Акжол Алымбек уулу агасы жана машыктыруучусу Азамат Алымбек уулу менен

Кыргызстандык спортчу Акжол Алымбек уулу пауэрлифтинг боюнча жаштар арасында дүйнө чемпиондугунда күмүш медал тагынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" спортчу өзү билдирди.

28-августта АКШнын Орландо шаарында 23 жашка чейинки спортчулардын дүйнөлүк таймашы башталды. Мелдештин биринчи күнүндө Акжол Алымбек уулу таймашка чыккан 59 килограммга чейинки салмакта 8 спортчу күч сынашып, биринчи орунду Тайбэйдин өкүлү Лин Йи Чун алды. Штанганы отуруп, желкеге коюп көтөрүү ыкмасынан Лин Йи Чун менен Акжол 265 килограмм салмакты көтөрүп, экөө тең Азия рекордун жаңылашты.

Штанганы жатып түртүү көнүгүүсүндө Акжол 162,5 кг багындырса, Тайбэй спортчусу 172,5 кг менен 10 кг алдыга чыкты. Штанганы жерден тартып көтөрүү түрүнөн эки аракетте 240,0 кг жана 252,5 кг салмакты эки лидер бирдей көтөрүп, тең келе жатышкан. Үчүнчү аракетте Лин Йи Чун 263,0 кг салмакты так көтөрүп дүйнө чемпиону болсо, Акжол 273,5 кг салмакты багындыра албай, экинчи орунду алып калды.

Акжол Алымбек уулу 2014-жылы жаштар арасында 53 килограммга чейинки салмакта дүйнө чемпиону болгон. Бул ийгилигин 2016-жылы 59 килограммга чейинки салмактагылар арасында кайталаган.

Ал спортчулардын үй-бүлөсүнөн. Агасы Азамат Алымбек уулу 59 килограммга чейинки салмакта 2015-жылы дүйнө чемпиону болуп, дүйнөнүн төрт рекордун жаңырткан. Атасы Алымбек Рахимов 49 жашка чейинки ардагерлер арасында эки жолу дүйнө чемпиондугунда коло байге утуп, эл аралык даражадагы спорт чебери болгон. Акжол агасы Азамат менен АКШнын Чикаго шаарында бир жылдан бери машыгат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG