Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:33

Жалал-Абадда мектептер жаңы окуу жылына толук даяр эмес


Жалал-Абад шаарында мектептер жаңы окуу жылына толук даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн шаардык мэрияда өткөн жыйында вице-мэр Айзат Раматиллаева билдирди.

Анын айтымында, 2017-2018-окуу жылына мектептерди ремонттоого төрт ирет тендер жарыяланып, баары түрдүү себептерден улам болбой калган. Аягында билим берүү бөлүмү өзү сапатсыз деп четке каккан фирма менен келишим түзүп, кыска мөөнөттүн ичинде мектептер актап-сырдалды. Ал эми кээ бир окуу жайларда оңдоо иштери бүтпөй турат.

Шаардагы №11 мектептин электр энергияга карызы 190 миң сомдон ашып, жарык берилбей жатат. №22 мектептин окуучулар үчүн ажатканасы авариялык абалда.

Вице-мэр Билим берүү бөлүмүнүн башчысы менен айрым мектеп директорлоруна тартиптик жаза көрүүнү сунуштады.

Жалал-Абад шаарында 22 мектеп бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG