Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитети бүгүн Чүйдүн Жайыл районунда атайын операция жүргүзүп, эки согушкерди жок кылганын, бирөө жараат алып, ооруканага жеткирилгенин кабарлоодо. Аларга көмөктөшкөн деген шек менен дагы эки жаран камакка алынды. УКМК кызматкерлери жабыркаган жок.
Мекеменин расмий маалыматына караганда, 24-августка караган түнү Бишкекте “Ниссан Пресаж” автоунаасы менен бараткан топту патрулдук милиция өкүлдөрү токтотууга аракет кылган, бирок алар күч кызматкерлерине баш ийбей, тапанча, граната менен коркутуп качып кетишкен.
Бул окуяга байланыштуу атайын кызмат текшерүү жүргүзүп, кылмыштуу топ Эгемендик күнүн майрамдоо маалында Бишкекте жана Чүйдө теракттарды уюштурууну пландап жатканын аныктаган.
Издөө иштеринин натыйжасында 28-августта эл аралык террордук топтун мүчөсү деп шектелген бир жаран кармалган. Анын автомашинасынан курал-жарак табылган.
Бүгүн Жайыл районунда атайын операция жүргүзүлдү.
Кылмыш иш козголуп, иликтөө башталды. (RK)