Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Путин: Венгриядагы АЭСти кеңейтүү иштери башталат


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан.

Орусиянын президенти Владимир Путин Венгриядагы жалгыз атомдук электростанциясын кеңейтүү боюнча иштер кийинки жылы башталышы мүмкүн экенин айтты.

Мындай билдирүүнү ал 28-августта Будапештке жасаган сапары учурунда Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолугуп жатып жасады.

- Кийинки жылдын башында Пакша аянтында иштер башталышы мүмкүн, - деди Путин.

2014-жылы Орбан Москвага барганда атомдук электростанциясынын кеңейтилиши боюнча Орусия менен 10 миллиард евролук келишимге кол койгон.

Бул атомдук электростанция Будапешттен түштүктү карай 130 чакырым алыстыктагы Пакша аймагында совет доорунда курулган.

Бир катар текшерүүлөрдөн кийин долбоор Евробиримдиктин мыйзамдарына каршы келбей турганы аныкталып, "Пакш" АЭСин кеңейтүүгө шаркет уруксат берген.

Венгриядагы оппозициячыл партиялар Орбанды Орусияга ыктап атат деп айыптап, Путиндин сапарына каршы чыгышкан.

XS
SM
MD
LG