30-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +29...+34,
Талас жергесинде түнкүсүн +7...+12, күндүз +28...+33,
Баткен облусунда түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +30...+35,
Ысык-Көл дубанында +7...+12, күндүз +21...+26,
Нарын облусунда түнкүсүн +4...+9, күндүз +24...+29,
Бийик тоолуу райондордо -4...+1, күндүз +9...+14.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус ысыйт.