Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт


Бишкекте 30-31-август күндөрү кыргыз-казак акындарынын "Айтыш-2017" таймашы өтөт. Байге фонду 2 миллион сомду түзөт.

Сынак Кыргызстандын эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына арналарын "Айтыш" фонду кабарлады.

Ар бир командада сегизден акын болот. Кыргызстандан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев, Изат Айдаркулова, Жылдызбек Төрөканов, Кадырбек Бейшенов, Болот Назаров жана Асылбек Маратов катышат.

Казакстандан Айбек Калиев, Анар Жапаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов, Нурлубек Курманов келет.

Айтыш уникалдуу көркөм өнөр катары Кыргызстандын жана Казакстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий тизмесине кирген.

XS
SM
MD
LG