Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:37

Хорезмде түнкүсүн "көчө таптап" жүргөн 3700 адам кармалды


Хорезм аймагындагы Ургенч шаарынын полиция кызматкерлери.
Хорезм аймагындагы Ургенч шаарынын полиция кызматкерлери.

Өзбекстандын чыгышындагы Хорезм шаарынын полициясы 26-27- августта "Түн" деген операция өткөрүп, кечки тогуздан кийин "максатсыз көчө таптап" жүргөн 3706 киши кармалганын билдирди.

Аталган операцияга жергиликтүү администрациянын, прокуратуранын, Жаштар союзунун жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү да катышты.

Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы "Азаттыктын" өзбек кызматына кармалгандардын көбүнө айып пул салынып, 24 сааттан кийин кое берилгенин билдирди. Бирок ал түнү сейилдеп жүргөндөр кайсы мыйзамдын негизинде кармалышканын түшүндүрө алган жок. Маалымат катчы кармалгандар арасында кылмышка шектүү төрт киши да бар экенин кошумчалады.

Жергиликтүү тургундар жана адвокаттар "Азаттыкка" Өзбекстандын аймагына эч кандай коменданттык саат киргизилбегендиктен, алар түнү да сейилдөөгө укугу бар экенин билдиришти.

Айрымдар күндүз ысык болгондуктан түнкүсүн гана сейилдей аларын айтышты. Ал эми Хорезм полициясынын өкүлү Зокир Исмаилов "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына "жакшы адамдар түнкүсүн баспайт" деп айтты.

XS
SM
MD
LG