Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:12

Атамбаев: "Кыргызгазды" "Газпромго" өткөрүп бергенибизге өкүнбөйбүз

Алмазбек Атамбаев жана Алексей Миллер, 2014-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Алексей Миллер, 2014-жыл

"Кыргызгазды" "Газпромго" өткөрүп бергенибизге эч өкүнбөйбүз деп билдирди бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте аталган орусиялык ишкана куруп бере турган мектептин пайдубалын түптөө салтанатында сүйлөгөн сөзүндө.

Иш-чарага "Газпром" компаниясынын жетекчиси Алексей Миллер катышты.

Президент Атамбаев "Газпром" Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөк болуп келе жатканын, келечекте Ысык-Көлгө пансионат курууну сунуштарын айтты.

“Газпром” 2014-жылы “Кыргызгазды” карыздары жана милдеттенмелери менен бирге шарттуу 1 долларга сатып алган болчу. Учурда Бишкектин тегерегиндеги жаңы конуштарды көгүлтүр отун менен камсыздоо программасы ишке ашырылууда. (BzA/RK)

XS
SM
MD
LG