Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:23

Юнкер: Евробиримдик Орусия менен алаканы жакшыртышы керек


Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер.
Еврокомиссиянын президенти Жан-Клод Юнкер.

Еврокомиссиясынын президенти Жан-Клод Юнкер Евробиримдик өз баалуулуктарынан баш тартпай, бирок ошол эле учурда Орусия менен алаканы жакшыртышы керек деп айтты.

- Кийинки кылымдарда Европанын коопсуздугун Орусиясыз элестетүү мүмкүн эмес болот. Евробиримдиктин аянты 5,5 чарчы чакырым, Орусияныкы 17,5 чарчы чакырым. Дагы суроо барбы? - деди Юнкер Брюсселде Еврошаркетке мүчө мамлекеттердин элчилеринин алдында сүйлөп жатып.

Ошону менен катар Юнкер, бул процесске "Еврошаркет өз баалуулуктарынан жана принциптеринен баш тартпастан, Крымдын аннексияланышы сыяктуу окуяларды эстен чыгарбастан" барышы керек деп эсептейт.

Юнкер буга чейин да Москва менен алаканы жакшыртууга чакырып келген.

Евробиримдик 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алышына жана Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдогону үчүн Москвага каршы санкция киргизген.

XS
SM
MD
LG