Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:39

Казакстанда төмөн байытылган уран сакталчу кампа ачылды


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев МАГАТЭнин башчысы Юкио Аманого банктын символикалык ачкычын тапшырууда.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев МАГАТЭнин башчысы Юкио Аманого банктын символикалык ачкычын тапшырууда.

Казакстандын чыгышында төмөн байытылган уран сакталчу кампа ачылды. Президент Нурсултан Назарбаев катышкан 28-августта Астанада өткөн салтанат Улуттар уюмунун Атомдук сыноолорго каршы эл аралык күнүндө өттү.

150 миллион долларлык долбоор өзөктүк куралдын жайылышын алдын алууну, Тегеран менен дүйнөлүк ири державалардын талашы өңдүү чоң кризисти болтурбоону көздөйт.

Иш-чарада Назарбаев Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Юкио Аманого банктын символикалык ачкычын тапшырып жатып, “Казакстан ядролук куралды жайылтпоо багытындагы глобалдуу аракеттерге салым кошоорун” айтты.

Долбоорго катышкан "Ядролук коркунучка каршы демилге" деген аталыштагы уюм бул банк “бир өлкө жеке өзү көзөмөлдөбөгөн алгачкы ушундай жай болуп калаарын” билдирди.

Банкты ачуу демилгеси 2006-жылы көтөрүлүп, эки жыл мурун уран өндүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Казакстан өкмөтү менен Эл аралык агенттик долбоор боюнча макулдашууга жетишкен.

Банк бир нече булактан, анын ичинде АКШ жана америкалык миллиардер Уоррен Баффет тарабынан каржыланган. Калган акчаны донорлор, анын ичинде АКШ, Норвегия, Бирикен Араб Эмираттары, Евробримдик өлкөлөрү, Казакстан жана Кувейт бөлгөн.

Банк Өскемен шаарындагы Улба металлургиялык заводунда жайгашат. Бул ишканада Советтер союзу учурунда кургак ядролук отун өндүрүлүп, байытылган уран сакталып келген. Андагы коопсуздук шарттары СССР урагандан кийин дүйнөлүк стандарттарга төп келбей калышы мүмкүн деген чочулоолордон улам 1994-жылы жабык операция жүргүзүлүп байытылган урандын запасы АКШга алынып чыккан. Ошондон кийин заводдо ядролук таштандылар сакталып келген.

XS
SM
MD
LG