Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Бишкекте сөз эркиндигине арналган экинчи форум өтөт


“Сөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюму билдиргендей, форум бүгүн башкалаадагы “Парк отель” мейманканасында өтөт. Ага журналисттер, жарандык активисттер, саясатчылар, депутаттар чакырылган. Анда сөз эркиндигин коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттердин планы иштелип чыгат.

Аталган уюм “Сентябрь” телеканалын жана сайтын жабуу тууралуу соттун чечими Кыргызстанда сөз эркиндиги тебеленип жатканын көрсөтүүдө деп жарыялады. Ошондой эле социалдык түйүндөрдө журналисттерге басым жана аларды сабаган учурлар көбөйүп жатканын билдирди. Уюмдун маалыматына караганда, журналисттер гана эмес, өз ойлорун ачык айткан саясатчылар, жарандар да кысымга кабылып, азыр УКМКнын тергөө абагында он саясатчы камалып турат.

Кыргызстандын бийлиги сөз эркиндиги тебеленип жатат деген сындарга макул эмес.

Биринчи эркиндик форумун "Сөз эркиндигин коргоо комитети" жана "Конституциялык кеңешме үчүн" кыймылы быйыл мартта уюштурган. Жыйында Кыргызстандагы саясий кырдаал жана сөз эркиндигинин абалы талкууланган. (NT)

XS
SM
MD
LG