Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:37

Бишкектеги перинаталдык борбордо 26 жаштагы келин төрөттөн каза болду


Иллюстрация

Маркум Мээрим Дайырбекованын жакындары бул үчүн дарыгерлерди айыптап жатышат. Сиңдиси Сезим Дайырбекова “Азаттык” радиосуна эжеси 27-августта “Тез жардам” менен аталган төрөт үйүнө барганын, эгиз уул төрөгөнүн билдирди. Маалыматка караганда, маркум төрөттөн кийин каралбай калып, аны операция жасашкан. Бирок 29-августка караган түнү операциядан чыкпай калган:

- Дарыгерлердин катасынан өтүп кетти. "Тез жардам" менен барып, мөөнөтүнөн мурда төрөдү. Төрөт жакшы өттү, бирок көз жаргандан кийин дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, бир сутка түшпөй койгон. Төрөттөн кийин ичи катуу ооруп баштаганын дарыгерге айтса, нөөмөттөгү дарыгерлер эч нерсе кылбай коюшкан. "Тез жардам" менен барып, мөөнөтүнөн эрте төрөгөндөн кийин жакшылап карашы керек болчу.

№4 төрөт үйүндө эне өлүмү катталганын Саламаттык сактоо министрлиги да ырастады. Аталган перинаталдык борбор окуя тууралуу комментарий бере элек.

Маркумдун туугандары ымыркайлар төрөт үйүндө вакуумда жатканын жана абалдары дурус экенин кабарлашты. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG