Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Кыргыз-казак төкмө акындарынын айтышы башталат


Төкмө акындар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр
Төкмө акындар Аалы Туткучев менен Жеңишбек Жумакадыр

Бишкекте кыргыз жана казак акындарынын таймашы башталды. Айтыш Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 30-31-августта өтөт.

"Айтыш" фонду билдиргендей, сынак Кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиевдин 80 жылдык мааракесине арналган.

Байге фонду 2 миллион сомду түзөт. Ар бир командада сегизден акын болот.

Кыргызстандан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев, Изат Айдаркулова, Жылдызбек Төрөканов, Кадырбек Бейшенов, Болот Назаров жана Асылбек Маратов катышат. Казакстандан Айбек Калиев, Анар Жапаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов, Нурлубек Курманов келет.

Айтыш уникалдуу көркөм өнөр катары Кыргызстандын жана Казакстандын атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине кирген. (NT)

XS
SM
MD
LG