Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин үч томдон турган "Агындылар" китеби бешинчи жолу кайрадан басылды. Чыгарма Бишкектеги "Турар" басылмасынан жалпы 1500 нускада чыкты. Автордун айтымында, буга чейин жарык көргөн китептер түгөнүп, эл арасында аны сурагандар көп болгон.
Шайлообек Дүйшеев белгилүү журналист, Кыргыз эл акыны. Баш-аягы жети китептин автору. Автобиографиялык “Агындылар” китеби окурмандардын суроо-талабы менен мындан мурда төрт ирет жарык көргөн. (NT)