Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

«Belokon Holdings»: Кыргызстанда Латвия жарандарынын укугу бузулууда


Латвиядагы «Belokon Holdings» акционердик коому Кыргызстанда бул өлкөнүн төрт жаранынын укугу бузулуп жатканы тууралуу билдирүү таратты.

29-августтагы бул билдирүүдө “Манас” банкынын мурдагы кызматкерлери Евгений Вербицкий, Анита Лася, Юрий Качнов жана акционер Валерий Белоконго карата алты жылга созулган соттук териштирүүдө чыгарылган өкүм күчүндө калганы адам укугун тебелөө катары сыпатталган. Сот аппеляциялык арызды кароону жети жолу жылдырып, ишти караган соттук коллегияны чакыртуу тууралуу адвокаттардын өтүнүчтөрү жана бардык суранычтар четке кагылганы айтылат.

Маалыматка караганда, бул чечимдин үстүнөн жогорку инстанцияга арыз жолдонот, соттун чечими "Латвияда, Европа биримдигинде жана башка цивилизациялуу мамлекеттерде таанылбайт жана аткарылбайт".

Аталган холдинг соттук териштирүү саясатташканын, бул иш Кыргызстанды Латвия жараны Валерий Белоконго 16,6 миллион доллар компенсация төлөөгө милдеттендирген эл аралык арбитраждын чечимине байланыштуу өч алуу үчүн токулганын маалымдады.

Ошондой эле Латвия ТИМи Кыргызстанга төрт жаранга байланыштуу дипломатиялык нота жолдоп, алардын укугун коргоого чакырганы маалым болду.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-майда мурда сырттан соттолгон экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев, “Манас Банктын" акционери, латвиялык ишкер Валерий Белоконь, орусиялык жаран деген Евгений Вербицкий, латвиялыктар Анита Лася, Юрий Качнов, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаев, кыргызстандыктар Сергей Костырин, Чолпон Иманалиевага байланышкан ишти карап өкүм чыгарган.

Былтыр май айында Максим Бакиев КР Кылмыш кодексинин "коррупция", "кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу 2016-жылдын 21-сентябрдагы өкүм күчүндө калган. Ал эми Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Ласяга күчөтүлгөн тартипте 20 жылдан берилген, Марат Алапаев 25, Чолпон Иманалиева сырттан 7 жылга соттолгон. Максим Бакиев жана аны менен бирге айыпталгандар коррупция жана Кыргызстандын компанияларынан акча уурдаган деген айыпталышкан. Айыпталган латвиялыктар райондук соттун үстүнөн жогорку инстанцияга даттанышкан.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий бере элек.

Ал эми Жогорку Сот азырынча даттануу келип түшпөгөнүн билдирди.(NT)

XS
SM
MD
LG