Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:09

Кулов менен Шеримкулов Атамбаевди саясий туткундарды кечирүүгө чакырышты


"Сөз эркиндигин коргоо" комитети уюштурган форум. 30.08.2017
"Сөз эркиндигин коргоо" комитети уюштурган форум. 30.08.2017

Бишкекте сөз эркиндигин жана өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулап жаткан жыйында президент Алмазбек Атамбаевге оозеки кайрылуу жолдонду. Легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов Атамбаевди саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ЖМКларга карата соттук доолорду кайра чакыртып алууга үндөштү.

Бүгүн “Сөз эркиндигин коргоо” комитети борбор калаада форум өткөрүп жатат. Анда сөз эркиндиги, саясий куугунтукту токтотуу, тынч митингге чогулуу укуктарынын корголушу деген үч негизги багытта талкуу жүрүүдө.

“Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун төрагасы Сапар Аргымбаев учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп маалымдоодо.

Президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты соттолуп, жабылган. Жакында оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы жабылды.

27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда куугунтук жок деп эсептешет.

Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Анвар Артыков соттолуп жаткан оппозиционерлерди саясий куугунтукка кабылды деп айтуу туура эмес деп эсептерин "Азаттыкка" 2-августта билдирген. Депутат мурунку бийликтердин тушундагы оппозициялык саясатчыларга жасалган мамилени эскерип "​Азыр эч кандай куугунтук жок" деп айткан. (UEz/RK)

XS
SM
MD
LG