Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда бийлик сот менен коркутуп жатып журналисттерди да, парламентти да мокотту деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте сөз эркиндиги жана өлкөдөгү саясий кырдаалга арналган жыйында сүйлөп жатып айтты.
Ал эми легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов жана мурдагы өкмөт башчы Феликс Кулов президент Алмазбек Атамбаевди саясий туткундарга кечирим берүүгө жана ЖМКларга карата соттук доолорду кайра чакыртып алууга үндөштү.
Бүгүн “Сөз эркиндигин коргоо” комитети борбор калаада форум өткөрүп жатат. Анда сөз эркиндиги, саясий куугунтукту токтотуу, тынч митингге чогулуу укуктарынын корголушу деген үч негизги багытта талкуу жүрүүдө.
“Саясий туткундарды коргоо комитети” уюмунун төрагасы Сапар Аргымбаев учурда Кыргызстанда 25 саясий туткун камакта деп маалымдоодо.
Президенттин ар-намысына шек келтирди деген айып менен “Заноза” сайты соттолуп, жабылган. Жакында оппозициялык маанайдагы “Сентябрь” телеканалы жабылды.
27-июлдан 20-октябрга чейин Бишкекте тынч жыйын, митинг-пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынган.
Бийлик Кыргызстанда куугунтук жок деп эсептешет.
Социал-демократтар партиясынын парламенттеги депутаты Анвар Артыков "Азаттыкка" 2-августта интервью берип, мурунку бийликтердин тушундагы оппозициялык саясатчыларга жасалган мамилени эскерип "Азыр эч кандай куугунтук жок" деп айткан. (UEz/RK)