Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Атамбаев: Өкмөткө ичи таза жаштар келди, шайлоо таза өтөт


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Кыргызстанда быйылкы президенттик шайлоо таза өтөт. Бул тууралуу мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушта сүйлөп жатып айтты.

Ал Атамбаевдин жолун жолдобой турган президенттин келишин каалагандар бар экенин, бирок андай болбой турганын, шайлоодо административдик ресурсту колдонууга жол берилбесин айтты.

"Шайлоо таза өтөт. Эл кимге добушун берсе, ошону алат. Эми баарын бир адам чечпейт. Баары өкмөттүн колунда. Ал жакка ичи таза жаш балдар келди. 1-1,5 жылдан кийин экономика мындан да жакшы өнүгө баштайт. Бул үчүн пайдубал түптөлдү" деди мамлекет башчы.

Быйыл 15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Оппозиция өкүлдөрү бийликке сын айткан саясатчылар, журналисттер куугунтукка кабылып жатканын белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG